Эртең Нарындан башка аймактарда күн жылуу болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эртең түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Жаңы жылдык маанай: ырчылар Кыргызстанды куттукташты - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык маанай: ырчылар Кыргызстанды куттукташты
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Күндүз Чүй, Талас өрөөнүндө —2…+3 градус болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында дагы ушундай эле температура сакталат.

Ысык-Көлдө —4…+1 градус жылуу болсо, Нарында —12…-17 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0