БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Документтер сот системасын реформалоо алкагында иштелип чыккан. Ал Кыргызстанда аскер сотторун кыскартып, алардын милдеттерин башка сотторго ыйгарууну шарттайт.
Жергиликтүү соттордун бюджети 2015-жылы 724 миллион 973 миң 500 сом (387 сот), ал эми аскер сотунун бюджети 24 миллион 445 миң 300 сом (14 сот) болгон.
Кабыл алынган конституциялык мыйзам боюнча иштеп жаткан "Судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамынын аскер сотторунун судьяларынын кызматтык окладдарына аскердик наамы үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө күчүн жоготту деп табылган.
Иштеп жаткан конституциялык мыйзамга бул түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы аскер сотторунун жана аскер судьяларынын кызматтарынын жоюлушунан улам келип чыккан. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.