Жекшембиде өлкө боюнча күн ачык болот

© © пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жекшембиде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкекте 1 градус жылуу болсо, Ош шаарында 2 градус суук болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Таттуу саткан, карга оронгон чоң апа - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке чындап кыш келди. Лапылдап жааган кар, ырахаттанган кыргызстандыктар
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдарында жана Барскон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Сары-Мойнок, Сөөк ашуусу) унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Кыргызгидромет билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0