Кыргызстанда эртең күн суук болот

© Фото / Азамат АйтбаевКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тайгак жана тоңголок болорун Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкекте сатылып жаткан балатылардын баасы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кайсы жеринен, канча сомго балаты сатып алса болот
Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 9 градуска чейин суук болот, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 7 градус суук болот. Ысык-Көлдө 7 градус суук болсо, Нарында 17 градус суук болот.

Кыргызгидромет 23-24-декабрда мезгил-мезгили менен катуу кар жаай турганын эскертет. Жолдор тайгак тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүп жатат. 

23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн —10…-15 градус, күндүз —4…-9 градус суук болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —20…-25 градус, күндүз —10…-15 градуска чейин суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 30 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0