Өлкөдө диний маселелер боюнча ишеним телефону ишке кирди

Жазылуу
Ишеним телефонуна кайрылгандарга укук, теология жана психология багыттарындагы адистер кеп-кеңеш берет.

БИШКЕК,14-дек. —Sputnik. Бишкек шаарында диний маселер боюнча "1592" ишеним телефону ишке кирди. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлайт. 

Заблокированные сайты в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган сайт жабылды
Билдирүүгө ылайык, көз карандысыз маалыматтык-консультативдик борбор ачылды. Анда жарандар түрдүү диний маселелер боюнча консультативдик кызматтарды ала алышат. Борборго кайрылгандарга укук, теология жана психология жаатындагы адистер кеп-кеңеш берет. 

Андан сырткары, "1592" ишеним телефонунда эки адис иштеп, диний суроолор боюнча маалымат берип эксперттерге жөнөтөт.

Кызмат акысыз көрсөтүлүп, 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Борбор жарандардын радикалдашуусун алдын алуу максаттында ишке кирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0