Облус борборлорундагы шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

© Фото / пресс-служба полпредства в Нарынской области при правительстве КРНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-декабрда өлкө аймыгындагы 22 шаарда жергиликтүү депутаттар шайланды. Шаардык кеңешке талапкерлер шайлоочулардын жети же андап көп пайыз добушун алса депутат болушат.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Анда 22 шаардын жана 389 айыл аймактын депутаттары шайланды. 616 мандат үчүн 35 партиядан жети миңден ашык талапкер ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча кайсы партиялар жеңип, кайсыл аймакта ким канча орун алгандыгын расмий айта элек. Андыктан бул маалыматтар алдын ала чыгарылган. 

Оригами из сомовых купюр разных номиналов - Sputnik Кыргызстан
2 миллион сомдук мандат: партиялар Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн канча коротту
Sputnik Кыргызстан редакциясы облус борборлорунун шаардык кеңешине кайсы партиялар келерине акыл калчап көрдү. Мыйзам боюнча алар жалпы шайлоочулардын жети же андан көп пайыз добушун алышы керек. Бирок айрым учурларда талапкерлер тиешелүү көлөмдө добуш ала албай калганда саясий күчтөрдүн биригүүсү болот.

Партиялар үч учурда биригет: эгер бир дагы партия жети пайыз ала албаса, мандаттарды эң көп добуш алган үч партия алат. Ал эми жети пайыздык көрсөткүчтү бир эле партия алса, шаардык кеңешке кийинки орундагы эки партия дагы келет. Ошондой эле эки партия эле жети пайыздык көрсөткүчкө ээ болсо, аларга үчүнчү партия дагы кошулат. Мындан улам шаардык кеңешке жок дегенде үч саясий топ келиши керек. 

Борбор калаанын шаардык кеңешине алдын ала маалыматтар боюнча беш партия келди: "КСДП" 16 мандат, "Республика — Ата-Журт" — 12, "Өнүгүү — Прогресс" — 8, "Мекеним Кыргызстан" — 7 жана "Кыргызстан" — 5 мандат алды. 

Жалал-Абад облусунда 17 миң 500 адам шайлоого барган. Жети пайыздык көрсөткүчкө жетүү үчүн 1200дөй добуш алуу керек. Шардык кеңешке талапкер болгон жети партиянын бешөө өттү. 

  1. "Өнүгүү — Прогресс"— 4 427 добуш;
  2. "Кыргызстан" — 2 633 добуш;
  3. "Ата-Журт"— 2 357 добуш;
  4. "Республика — Ата-Журт" — 1 660 добуш;
  5. "КСДП" — 5 842 добуш.

Алдын ала маалымат боюнча өтпөй калган партиялар: 

  • "Ата Мекен" — 265;
  • "Улуу Кыргызстан" — 275.

Талас облусунда 6 912 шайлоочу добуш берген. Жети пайыздык көрсөткүчкө жетүү үчүн 484 добуш алуу керек. Ал жакта дагы жети партиянын бешөө өткөн. 

  • "Айкөл"— 638; 
  • "Республика — Ата-Журт"— 2 009;
  •  "КСДП"— 2 186;
  •  "Мекеним Кыргызстан"— 638; 
  • "Кыргызстан"— 1 004 

Алдын ала маалымат боюнча өтпөй калган партиялар: 

  • "Улуу Кыргызстан"— 139; 
  • "Өнүгүү — Прогресс"— 398. 

Нарын облусунда 11 миң 123 адам добуш берген. Жети пайыздык көрсөткүчкө жетүү үчүн 779 добуш алуу зарыл. Алдын ала маалыматтар боюнча шаардык кеңешке сегиз партиянын бешөө өттү. 

  • КСДП — 3 550; 
  • "Кыргызстан" — 1 357; 
  • "Ала-Тоо ынтымагы" — 1 741;
  • "Республика — Ата-Журт" — 1 507; 
  • "Өнүгүү— Прогресс" — 1 255; 

Өтпөй калган партиялар: 

  •  "Замандаш" — 531;
  •  "Ата Мекен" — 749;
  •  "Улуу Кыргызстан" — 433. 

Баткен облусунда 5 093 жаран добуш берген. Жети пайыздык көрсөткүчкө жетүү үчүн 356-357 добуш алуу керек. Алдын ала божомол боюнча ал жакта жети партиядан беш партия өткөн. 

  • "Өнүгүү — Прогресс" — 529; 
  • "КСДП" — 1 718; 
  • "Республика — Ата-Журт" — 616; 
  • "Жаңы Доор" — 1 060;
  •  "Кыргызстан" — 636.

Алдын ала маалыматтар боюнча өтпөй калган партиялар: 

  • "Бүтүн Кыргызстан" — 188; 
  • "Замандаш" — 346.
Жаңылыктар түрмөгү
0