Кыргызстанда шайлоо участкалары жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңешке шайлоо үчүн 1 903 участок ачылса, референдум үчүн 2 365 шайлоо участкасы ачылган. Референдумга катышкан шайлоочулардын саны 30 пайыздан ашкандыктан ал өттү деп таанылды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда саат 20:00дө жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо жана референдум үчүн ачылган участкалар жабылды.

Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы добуш берүү — жаңы урналар иштебей, эскилери колдонулуп жатат
22 шаарда жана 389 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп, ага 2 милллион 313 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу. Андан сырткары баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Ал үчүн 2 миллион 852 миң киши добуш берүү укугуна ээ болчу.

Референдум өттү деп таанылды, себеби ага катышкан шайлоочулардын саны 30 пайыздан ашкан

Жергиликтүү кеңешке шайлоо үчүн 1 903 участок ачылса, референдум үчүн 2 365 шайлоо участкасы ачылган. Андан тышкары 25 мамлекеттеги Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктарында 35 шайлоо участкасы иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0