Бишкекте Кыргызстандагы режиссер айымдардын алгачкы кинофоруму өтөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган. Анда өлкөдөгү режиссер айымдардын кино тармагындагы иштери талкууланат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкекте 17-декабрда Кино үйүндө Кыргызстандагы режиссер айымдардын I кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунун катчысы Талантбек Төлөбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандагы кинематографияны, айымдар тарткан кинонун өнүгүшүн жана гендердик маселелерди ачык талкуулоого багытталган.

"Кыргызстандагы режиссер айымдардын эмгеги — өлкөдөгү кинематографиянын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз кино өндүрүшүнүн алгачкы эле күндөрүнөн баштап режиссер аялдар өздөрүнүн фильмдери менен дүйнөнүн көз карашына таасир эткен. Акыркы 10 жылда өлкөдө киноиндустриянын жаңы толкуну өнүгүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Төлөбеков Кыргызстандагы режиссер аялдардын эмгектери эл аралык кинофестивалдарда өлкөнү таанытып жатканын, көптөгөн фильмдер байгелерге, дипломдорго ээ болуп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0