Биринчи вице-премьер-министр: бүгүн күчөтүлгөн режимде 9 миң милиция кызматкери иштейт

Жазылуу
Бүгүн шайлоо участкалары 8.00дө ачылып, 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештерде добуш берүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бүгүнкү шайлоого карата коомдук тартипти сактоо максатында республика боюнча 9 миң милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абулгазиевдин айтымында бүгүн өкмөттүн токтому менен октябрь айында түзүлгөн Республикалык штаб иштеп жатат. Анын саат 7.00дөн тарта 20.00гө чейин иштей турган call-борборунун номуру "119".

Эске сала кетсек, жергиликтүү шайлоо 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештерде өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0