Кыргызгидромет: эртең өлкө боюнча кар жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши мүмкүн. 

"Бишкек, Ош шаарларында 5-6 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0