Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 8-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көккө жеткен көмүрдүн баасы: Баткенде тоннасы 9 миң болсо, Ошто 12 миңге чыкты
Чүй, Ош, Жалал-Абад обулустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад обулустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн. 

Чүй жана Талас өрөөнүндө 6…8 градус жылуу болот, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 8 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ысык-Көлдө 5 градус жылуу болсо, Нарында 5 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0