Укук таануучу окумуштуулар эми Жогорку сотко судья боло алат

Жазылуу
Эми Жогорку сотко судья болуу үчүн бул тармакта беш жылдык тажрыйбанын кереги жок.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Укук таануучу окумуштууларга эми Жогорку сотко судья болууга уруксат берилгенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кеңешчисин, Дин иштери жана Мамтил боюнча жетекчилерди кызматтан алды
Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандагы соттордун статусу жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду.

Мыйзамда Жогорку сотко судья болуу үчүн сот тармагында беш жылдык тажрыйба керек деген талап жокко чыгарылган.

Эми сот болуу үчүн судья болуп иштөө шарт эмес. Бирок жарандык, кылмыш, административдик жана экономикалык иштер боюнча укук жаатында билими болушу керек. Өзгөчө бул окумуштуу укук таануучуларга тиешелүү.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0