09:54 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу Исмаил Мамытов

Sputnik Кыргызстан радиосу обого чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Жаңы жылдан тарта радионун эфирлери өлкөдөгү коомдук, экономикалык, саясий жана маданий турмушту чагылдырган ар түрдүү автордук долбоорлор менен толукталат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосу обого чыкты.

Радионун биринчи программасы саат сайын түз эфирден чыгып туруучу жаңылыктар түрмөгү менен башталды. Анын алгачкы алып баруучулары мамлекеттик тилде редакциябыздын журналисттери Исмаил Мамытов, орус тилинде Таалайбек Ороскулов болду. 

Жаңы жылдан тарта радионун эфирлери өлкөдөгү коомдук, экономикалык, саясий жана маданий турмушту чагылдырган ар түрдүү автордук долбоорлор менен толукталат. Радиону кыргыз, орус тилинде күнүнө 17 саат бою өлкөнүн бардык аймактарынан тыңдай аласыздар. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина буга чейин дүйнө эли порталдан жаңылыктарды окугандай эле радиону да уга алышарын айтты.

"Бул аудитория биздин өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Түз эфирден FM жана онлайн режим аркылуу 24 саат бою жаңылыктарды жана маалымат-аналитикалык программаларды уга алышат. Мындай форматтагы радио Кыргызстанда биринчи жана жападан жалгыз болот" — деди Череменина. 

Sputnik Кыргызстан жогорку технологиялык радио студиясынын ачылышы 2016-жылы 16-сентябрда болуп өткөн. Анын алгачкы коногу катары Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келип, түз эфирде Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн юбилейлик саммити туурасында талкууланган. 

Sputnik Кыргызстан маалымат порталы кыргыз жана орус тилдеринде 2014-жылдын декабрь айында иштей баштаган. 

Sputnik өзүнүн мультимедиалык контентин иштеп чыгып, ишин кыргыз, орус, абхаз, азербайжан, англис, араб, армян, грузин, дари, испан, казак, крым-татар, кытай, күрд, латыш, молдова, немис, тажик, польша, португал, пушту, серб, түрк, өзбек, украин, фин, француз, хинди, эстон, жапон тилдеринде жүргүзөт.

Sputnik бренди алдында күнү-түнү бою англис, испан, араб, кытай тилдеринде жаңылык түрмөктөрү чыгып турат. Вашингтондогу, Каирдеги, Пекиндеги жана Монтевидеодогу аймактык редакциялар жаңылыктарды үзгүлтүксүз чыгарып туруу үчүн 24/7 режиминде иш алпарышат. Sputnikтин фотокызматы – бүткүл дүйнө боюнча фотококабарчылардын түйүнү.

Тема боюнча

Sputnik Кыргызстан агенттиги партиялардын дебатын түз эфирде көрсөтөт
Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү World Press Photo сынактын Instagram баракчасын башкарат
Белгилер:
түз эфир, радио, Sputnik Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ