Кыргызстанда эми Курманжан Датка атындагы орден берилет

Жазылуу
Бул орден менен жарандар коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн сыйланат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыкка кол койгондугун президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Один из основоположников кыргызской государственности Исхак Раззаков(слева с шляпе) - Sputnik Кыргызстан
Исхак Раззаковдун "КР Баатыры" ордени музейге берилет
Бул орден менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, каада-салттарды чыңдоого кошкон салымы үчүн жарандар сыйланат.

Алардын сырткары орденге чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар татыктуу болушу мүмкүн. 

"Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. 

Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү түшүрүлгөн. 

"Курманжан Датка" ордени көкүрөктүн сол жагына "Манас" орденинен кийин тагылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0