05:57 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Кыргызгидромет: эртең өлкө боюнча күн ачык болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

Тоолуу райондордогу унаа жолдого кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидрометке шилтеме берип маалымдады. 

Билдирмеге караганда, Бишкек жана Ош шаарларында 6-8 градус суук болушу күтүлөт. 

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. 

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275, Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-90, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт. 

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталуусу зарыл экенин эскертет.

Тема боюнча

Күн сууктаса айыл чарба азыктарынын жарманкеси токтотулушу мүмкүн
Белгилер:
жаан, күн, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ