Кыргызгидромет: өлкө боюнча кар жаап, күн дагы сууктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жекшембиде өлкө аймагы боюнча кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидрометке шилтеме берип маалымдады. Бишкекте 11 градус, ал эми Ош шаарында 9 градус суук болушу күтүлөт. 

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт көмүрдүн кымбатташын жөнгө салуу аракетинде
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. 

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275- чакырымдарында жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-90 чакырымдарындагы, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ жолгон чыккан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0