Төрт айдан кийин эски паспорттор жараксыз болот

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамкаттоо жарандарды кийинки жылдын апрелине чейин 1994-жылкы паспортту алмаштырууга чакырат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү "мөөнөтсүз" деген белгиси бар 1994-жылкы паспорттор 2017-жылдын 31-мартына чейин гана жарактуу экени боюнча токтом кабыл алганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мындан улам 1-апрелден баштап эски үлгүдөгү паспорттор толугу менен юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп табылат.

"1994-жылкы паспорт алып жүргөн жарандар жашаган жериндеги паспорт-виза бөлүмдөрүнө кайрылып, алмаштырып алса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Первый вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архиввное фото - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев 11-декабрдагы референдум менен шайлоодо добуш берүүнүн тартибин түшүндүрдү
Эскерте кетсек, жарандарды 2004-жылкы паспорттор (ID-card) менен камсыздоо үчүн былтыр августтан баштап Мамкаттоо 60 жашка чыккан жана андан жогорку курактагылар үчүн паспортту бекер алмаштыруу жараянын жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө 110 миңден ашуун паспорт алмаштырылды.

Эски паспортторду жаңысына алмаштырбаган жарандар 11-декабрга белгиленген шайлоо жана референдумда добуш берүү укугунан ажыратылат.

Жаңы биометрикалык паспорттун кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикасынан көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0