Издейм сени! Террорчулардын бутасына алынган кыргызстандыктардын 7 түрү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКолония для пожизненно осужденных в Киргизии
Колония для пожизненно осужденных в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капчыгы анча калың эмес, түрмөдөн башыңыз чыкпаган жалгыз бой келин болсоңуз — террорчулардын издегени эле сизсиз.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун директору Маметбек Мырзабаев "Диний экстремизмге каршы туруунун жаңы форматтары" аттуу конференциянын алкагында террорчулар Сирияга кимдерди азгырарын айтып берди.

Sputnik Кыргызстан экстремисттер менен террорчулар көбүнесе кайсы топтогу адамдарды торго түшүрүүгө аракет кыларын аныктап көрдү.

Жаштар. Сирия менен Ирактагы согушка кеткендердин көбү 22-25 жаштагылар. Мырзабаевдин айтымында, дал ушул курактагы адамдар адатта жашоодо өз ордун таба албай кыйналышат. Мындан улам бир нерсени өзгөртүү далалаты менен согушкерлерге бат азгырылат. 

Жалгыз бой аялдар. Күч түзүмдөрүнүн билдирүүсүндө, аялдар эркектердей эле радикалдык идеяларды жайылтууга шыктуу келет. Эксперт өлкө аймагында бул багытта иш алып барган атайын аялдардын тобу бар экенин баса белгиледи.

Автомат кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биздикилерби? Дүйнө Кыргызстандан чыккан террористтерди кеп кылган беш учур
Түштүк аймактын жашоочулары. Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен беш кыргызстандыктын төртөө — түштүк облустардын тургундары. Мындан тышкары, экстремисттик кылмыштардын 72 пайызы ушул аймакка туура келет.

Жакырчылык. Террорчулардын кайырмагына илингендердин көбү аз камсыз үй-бүлөлөрдөн экени жашыруун эмес. Согушкерлер азгырууда дал ушуну пайдаланышат.

Шаардын жака-белинде жашагандар. Мырзабаевдин айтымында, диний уюмдар жаңы конуш тургундарына көбүрөөк ыктайт.

Кылмыштуулук. Радикалдар диний түшүнүктөрдү бурмалап кылмышкерлердин аракетин актап келишет. Мында талап тоноочулук "амалият" (согуштук операция) деп аталса, уурдалган мүлк "ганимат" (аскердик олжо) деп айтылат.

Соттолгондор. Түрмө экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн мыкты жер болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0