Дүйшөмбүдө өлкөнү ала булут каптап, күн дагы сууктайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Кыргызстандын көпчүлүк аймагын ала булут каптап, бирок жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында түнкүсүн 13 градус, күндүз 8, ал эми Ошто түнкүсүн 8 күндүз 3 градус суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады. 

Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы мүмкүн.

Рухнул навес на рынке РИОМ (бывший Азамат) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Автобазардагы ураган бастырманын алдында калган 12 унаанын ээлерине компенсация төлөнөт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде 3… 8 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө аба нөлдөн төмөндөп, 5 градус суук болот. Нарын дубанында жана тоолуу райондордо —5… 10 градус суук, болсо, бийик тоолуу райондордо сууктун көрсөткүчү 10… 15 градуска чейин жетет. 

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантып, кыштоолордогу малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0