Кыргызстанда бодо малды идентификациялоо башталды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүБодо мал. Архив
Бодо мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бодо малды идентификациялоого Россия 450 миң доллар бөлсө, бюджеттен 40 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бодо малды идентификациялоо башталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Ысык-Ата районунда башталган бодо малды идентификациялоого катышты. 

Аталган долбоор ЕАЭБдин алкагында ишке киргизилип жатат. 

"Бул долбоор ЕАЭБдин талаптарына жооп берип, жакшы жыйынтык берет. Мунун арты менен бир гана ЕАЭБдин талаптары аткарылбастан, азык-түлүк коопсуздук маселеси да чечилет", — деди Абулгазиев. 

Бодо малды идентификациялоого Россия 450 миң доллар бөлсө, бюджеттен 40 миллион сом каралган. 

Демилгенин ишке ашырылышы үчүн үч миң адис окутулуп, үч жыл ичинде республикадагы бодо малдары идентификациядан өтүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0