Кыргызгидромет: жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик аллеясындагы шаар тургундары. Архив
Эркиндик аллеясындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. Эртең өлкө боюнча кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Снегопад в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке чыныгы кыш келди, ак карга оронгон шаар
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн —5…-7 градус, күндүз —2…-4 градус суук болот. Ал эми Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 6…8 градус жылуу болот.

Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде —10…-15 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө —5…-10 градус суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо —13…-18 градус суук болсо, бийик тоолуу райондордо —20…-25 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0