Парламентте өкмөттүн жаңы курамы ант берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн структурасы мурунку калыбында калганы менен курамы өзгөрдү. Ага ылайык, алты министр менен бир вице-премьер алмашты.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берип, аземге президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: ИИМ башчылыгына сунушталган киши кооз сүйлөй албайт, бирок таза иштейт
Өкмөттүн структурасы мурунку калыбында калганы менен курамы өзгөрдү. Ага ылайык, алты министр менен бир вице-премьер алмашты. Ал эми бүгүн, 17-ноябрда премьер-министр баштаган бардык министрлер ант берди. 

Эске салсак, парламенттеги көпчүлүк коалиция тарагандыктан өкмөт отставкага кеткен. Президент көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берген. Жаңы коалициянын катарына КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирди

Жаңы өкмөттүн курамы тууралуу кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0