Кыргызстандын айрым аймактарында эртең жаан жаайт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Эртең, 14-ноябрь күнү Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Кыш менен кошо Ак-Талаага келген көмүр көйгөйү: эми эл эмне болот?
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан жаап, түнкүсүн 4, ал эми күндүз 11 градус жылуу болот. Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4, күндүз 14 градуска чейин көтөрүлөт.

Кыргызстандын калган аймагында жаан, тоо этектерине жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0