Президент өкмөттүн курамын бекитти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики представил Программу, структуру и состав Правительства Кыргызской Республики.
Заседание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики представил Программу, структуру и состав Правительства Кыргызской Республики. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттө социалдык маселелер боюнча бир вице-премьер менен алты министр алмашты. Ал эми министрлер кабинетинин структурасы мурдагы бойдон калды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан өкмөттүн курамын бекитти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон

Жаңы өкмөттүн курамына Чолпон Султанбекова социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп дайындалды. Ал буга чейин "Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп келген. 

Ал эми буга чейин вице-премьерлик кызматты өтөгөн Гүлмира Кудайбердиева Элвира Сариеванын ордуна билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. 

Республика — Ата-Журт фракциясынын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
РАЖ өкмөттүн курамын айла жоктон аванс менен колдоону чечти
Мурунку юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулуп, ордуна Уран Ахметов дайындалды. 

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин ордуна УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Улан Исраилов келди. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп Кудайберген Базарбаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Таалайгүл Исакунова дайындалды. 

Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигин мурдагы чакырылыштын депутаты Нурбек Мурашев жетектей турган болду. Ал эми Турдуназир Бекбоев кызматынан президенттин жарлыгы менен бошотулду. 

Транспорт министрлигинин башчысы дагы алмашты. Замирбек Айдаровдун ордуна Жамшит Калилов келди. 

Калган министрлер өз орундарында калышты. 

Өкмөттүн жаңы курамын SputnikКыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0