Шайлоо келе жаткандыгынын 15 белгиси

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВыборы в президенты Кыргызстана 2011
Выборы в президенты Кыргызстана 2011 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан шайлоонун жакындап келе жатканын айгинелей турган негизги белгилерди топтоп чыкты. Жок дегенде бирөөнөн өзүңүздүкүн таба аласыз.

Туура бир айдан кийин, 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт. Ал күндүн жакындап калганын аймактагы өзгөрүүлөрдөн байкаса болот.

Sputnik Кыргызстан шайлоонун жакындап келе жатканын айгинелей турган негизги белгилерди топтоп чыкты.

1. Үйүңүзгө толгон-токой бекер гезиттер келе баштайт.

2. Өмүрү жарык коюлбаган айылдардын көчөлөрү бир күнү эле жаркырап чыга келет.

Шайлоо участогундагы электронндук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешине 13 партия ат салышат — "Замандаш" менен "Ата Мекен" баш тартты
3. Теледен "элдин келечеги үчүн күйгөндөр" байма-бай көрсөтүлө баштайт. Алардын айтканын угуп отурсаң, жаркын келечек эшигиңдин артында эле тургандай сезилип кетет.

4. Тигил же бул талапкерге добуш сураган жакындар, дос-туугандар көбөйө баштайт.

5. Боло турган жана учурдагы депутаттар ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү тазалай башташат.

6. Бейтааныш эле адамдар кары-картаңдарга гумжардам жеткирип калат.

7. Талкаланып унутта калган жолдорго бир күнү эле топурак-таш төгүлүп, жакында асфальт төшөйбүз деген убадалар жаңыра баштайт.

8. Көрнөк-жарнактарда жалаң эле талапкерлердин сүрөтү жайнап чыгат. Мм-м… кайсы дүкөндө кандай арзандатуу болуп жатты болду экен?..

9. Бир үйдө жашагандар эки жаат болуп кетиши мүмкүн… Талапкер талашып.

10. Спорт залдарга жаңы маттар келип, окуучуларга бал муздак, ар кандай шириндиктер таратыла баштайт.

11. Көчөлөрдө ар кыл чакырыктар менен желектер, туулар жайнап кетет.

12. Кайсы бир жерде балдар ойной турган аянтча курулуп, кире беришине аны курган кишинин сүрөтү бажырайып илинип калат. Албетте, курган эмес, курулушту демилгелеген кишинин сүрөтү.

13. Туура тандасаңыз эле өлкө өнүгүп кетерин айткан киши.

14. Жарнама үчүн бош такта калбай калат.

15. Талапкердин жок дегенде бири шайлоого чейин велосипед менен жүрө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0