Кыргызстанга эки микробиологиялык заманбап автолабораториялар алып келинди

© Фото / пресс-служба МЗ КРПолучение 2 автолабораторий микробиологической экспресс диагностики особо опасных инфекций
Получение 2 автолабораторий микробиологической экспресс диагностики особо опасных инфекций - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автолабораторияларды өзгөчө кырдаал жараткан учурларда алыскы аймактарда колдонуу пландалууда.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга заманбап үлгүдөгү эки микробиологиялык экспресс автолабораториялар алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 

Малды текшерген ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта курулган лабораторияда малдын бардык дартын аныктоого болот
Аталган автолабораториялар Саратовдогу кара тумоого каршы "Микроб" илимий изилдөө институту аркылуу алынып, тиешелүү медициналык техникалар менен жабдылган. 

"Микроб" институтунун адистери Каракол, Ат-Башы жана Ош шаардык инфекцияга каршы карантин борборлорунун дарыгерлерин автолабораторияны колдонууга үйрөтүп, тиешелүү семинарларды өтүшүүдө.

Автолабораторияларды өзгөчө кырдаал жараткан учурларда алыскы аймактарда колдонуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0