Бишкек шаардык кеңешине 13 партия ат салышат — "Замандаш" менен "Ата Мекен" баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы электронндук урна. Архив
Шайлоо участогундагы электронндук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК тизмектеги талапкерлердин соттолгон-соттолбогондугу боюнча териштирүүлөрдү 10-ноябрга чейин жүргүзөт.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Бишкек шаардык кеңешке боло турган шайлоого катышуу үчүн 13 партия каттоодон өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аймактык шайлоо комиссиясынан билдирди. 

Эске сала кетсек, президент жергиликтүү кеңештерге шайлоону 11-декабрга өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.

"Алгач шайлоого катышуу үчүн 15 партия арызын берген. Андан соң "Ата Мекен" менен "Замандаш" партиялары арыздарын кайтарып алышты", — деп жазылат маалыматта. 

Арыз берген партиялар:

Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: "Ата Мекен" партиясы Бишкек шаардык кеңеш шайлоосуна катышпайт
КСДП, "Актив", "Аалам", "Кыргызстан", Кыргызстандын коммунисттер партиясы", "Улуу Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Жаңы доор", "Республика — Ата-Журт", "Таза Кыргызстан", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы", "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы".

Эскерте кетсек, БШК тизмектеги талапкерлердин соттолгон-соттолбогондугу боюнча териштирүүлөрдү 10-ноябрга чейин жүргүзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0