Ноябрдын биринчи күнүндө өлкө аймагында күн жылуу болот

Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эртең, 1-ноябрда күндүз өлкөнүн бардык аймактарында аба ырайы нөлдөн жогору болорун Кыргызгидромет билдирди. 

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Кыш менен кошо Ак-Талаага келген көмүр көйгөйү: эми эл эмне болот?
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болуп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бишкек, Ош шаарларында 19 градуска чейин жылуу болот. Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күн 20 градуска чейин жылыйт. Ал эми Нарын, Ысык-Көл облустарында 10-14 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0