Ишемби күнү күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан кыздардын архивдик сүрөтү
Көчөдө бараткан кыздардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 29-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу аймактарына кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында туман түшөт. Автожолдор тоңуп, тайгалак болот. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 

Бишкек шаарында 3 градус суук болсо, күндүз 13 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Ош шаарында түндө 4 градус суук, күндүз абанын температурасы 14 градуска чейин көтөрүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0