Табыптарга каршы Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИМ чогуу күрөшөт

Жазылуу
Табыптар менен күрөшүүдө коомдун пикири өзгөчө мааниге ээ. ЖМКлар аркылуу чыккан ар бир маалыматтар эске алынууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо менен Ички иштер министрлиги көзү ачык, табыптарга карата биргеликте күрөшөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, элдик медицина менен атайын даярдыктан өтүп, диплом жана лицензия алган КР жарандары гана алектене алат. Дарылап жатып адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле ЖМКлар аркылуу табыпчылыкты жарнамалоого да тыюу салынган.

"Саламаттык сактоо министрлиги азыркы кезге чейин бир да табыпка лицензия берген эмес. Тийиштүү лицензиясы болбой туруп Кыргызстандын аймагында жеке медициналык ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынат. Алардын мыйзамсыз аракеттерин тескөө Саламаттык сактоо министрлигинин милдетине кирбейт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда табыптарга каршы күрөшүү боюнча ИИМ менен биргеликте иш-аракеттердин планы иштелип чыгууда. Мыйзамсыз иш алып баргандар жоопко тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0