Кыргызстан укук рейтингинде Россия менен Түркиядан озуп кетти

© AFP / DAMIEN MEYERФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык укук коргоо уюумунун изилдөөчүлөрү 113 өлкөдөгү кырдаалды иликтеген. Анын ичинен Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу эки баскычка жогору көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. World Justice Project эл аралык укук коргоо уюму укук жаатында дүйнөлүк рейтингин жарыялап, анда Кыргызстан 83-орунга илинген.

Былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан Россия жана Түркия өлкөлөрүн артка калтырып эки тепкичке көтөрүлгөн. Ал эми Иран Кыргызстандан үч баскычка төмөн жайгашса, Россия бул жылы алты көрсөткүчкө төмөн түшүп кеткен. Түркия мамлекети 8 баскычка ылдыйлап, 99-орунга илинген.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Каракол россиялыктар үчүн мыкты тоо лыжа курортторунун катарына кирди
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасынан Казакстан 73-орунду ээлеп алдыда келе жатса, Кыргызстан 83-орду менен экинчи сапта. Өзбекстан бир баскычты артка таштап 92-орунга чыкты.

Рейтингдин башын Дания өлкөсү ээлеп, алдыңкы беш орунга Норвегия, Финляндия, Щвеция жана Нидерландия татыган.

Эң начар баа Афганистан, Камбоджа жана Венесуэла өлкөлөрүнө берилди.

World Justice Project уюмунун изилдөөчүлөрү өлкөлөрдөгү коррупциянын деңгээли, бийликтин ачык-айкындуулугу, негизги укуктун корголушу, тартип жана коопсуздук, мыйзамды сактоо, укуктук адилеттүүлүк сыяктуу критерийлерди эске алып, 113 өлкөнү иликтеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0