Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кар аралаш жаан жаайт

Жазылуу
Эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, ал карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Кар менен ойноп жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларындагы кар
Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен аталган облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорун тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Түндө Кыргызстандын бардык аймактарында аба ырайы нөлдөн төмөн болот. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 7…8 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустрында 7…12 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0