10:21 05 Бештин айы 2016
Түз эфир
Каракол тоо лыжа базасынын архивдик сүрөт

Каракол россиялыктар үчүн мыкты тоо лыжа курортторунун катарына кирди

© Фото / Сергей Ершов, Кыргызстан
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
127 0 0

Кыргызстандын тоо лыжа базасы россиялыктар арасында популярдуу. Мейманканаларды издеген сервис андагы жашоо канча турарын эсептеди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Каракол тоо лыжа базасы RoomGuru.ru мейманканаларды издөө сервисинин пикири боюнча КМШдагы алдыңкы он курорттун (Топ-10) катарын толуктады.

Рейтинг 30-декабрдан 8-январга чейин майрам алдында ээленген мейманканалардын тизмеси боюнча аныкталган.

Рейтингге Казакстандын, Грузия, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын курорттору кирген.

ТурСтат аналитикалык агенттигинин маалыматына ылайык, кышында КМШ жана жакынкы чет мамлекеттерде эс алууну каалаган россиялыктардын саны былтыркыга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөн.

Эс алуу акысына мейманкана же аппартаментте жашоонун орточо баасы, түшкү тамак жана ски-пасс кирген.

Рейтинг:

  • Чимбулак (Казакстан) — 78 доллар;
  • Гудаури (Грузия) — 65 доллар;
  • Логойск (Белоруссия) — 52 доллар;
  • Шахдаг (Азербайжан) — 58 доллар;
  • Цахкадзор (Армения) — 60 доллар;
  • Бакуриани (Грузия) — 68 доллар;
  • Буковель (Украина) — 56 доллар;
  • Чимган (Өзбекстан) — 48 доллар;
  • Каракол (Кыргызстан) — 50 доллар;
  • Силичи (Минск, Белоруссия) — 52 доллар.

Тоо-лыжа базаларында эс алуунун баалары, алардын жайгашкан бийиктиги, трассалардын узундугу жана татаалдыгы жөнүндө Sputnik инфографикасынан биле аласыздар>> 

Тема боюнча

Кыргызстан белгилүү саякатчынын рейтингинде алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди
Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат
Белгилер:
тоо-лыжа база, мейманкана, рейтинг, Каракол, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ