ЖК депутаты ректорлорду шайлоодон баш тартууну сунуштады

© AFP / GREG BAKER Портфель кармаган адам, Архив
Портфель кармаган адам, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорду демилгелеген эл өкүлүнүн пикиринде ЖОЖдордун жетекчилигин шайлоо системасы жакшы натыйжа бербей, жамааттын ичинде араздашууну жаратат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоодон баш тартуу сунушталды. "КРдин билим берүү жөнүндө" мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Капчыктан акча алып чыгып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: ата-энелерден акча чогулткан №42 мектептин жетекчилиги жазаланды
Мыйзам долбоордун автору — КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов учурдагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорун профессордук-окутуучулук курам шайлай турганын белгилейт. Депутат шайлоо ачык-айкындуулукту камсыздашы керек болгону менен көп учурда дал ушул добуш берүү системасы жердешчилик сыяктуу көрүнүштөргө жол берип, жамаатты бөлүнүүгө алып келерин жүйө келтирет.

Ал эми шайлоодо жеңилип калган талапкерлер сотко кайрылып, окуу жайлар айлап жетекчисиз иш алып барып калууда. Депутат буга 2014-жылы Кыргыз улуттук университетиндеги шайлоону мисал келтирди.

"Мындан тышкары, учурдагы мыйзам боюнча эң көп добуш алган үч талапкер премьер-министрге сунушталып, өкмөт башчы алардын бирин дайындайт. Мында талапкерди тандоо принциптери такталган эмес. Үчүнчү орун алган талапкердин ректор болуп калган учуру көп кездешет. Демек, адилеттүүлүк орнобой жаткандан кийин дегеле шайлоо өткөрүүнүн эмне кажети бар деген суроо туулат", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Ал эми ректордун милдетин аткаруучу жетекчинин укугу чектелүү экенин эске алсак, окуу жайдын толук кандуу иштеши да оор. Андыктан Өмүркулов Коргоо министрлиги менен ИИМ мекемелеринен тышкаркы мамлекеттик окуу жайлардын ректорлорун Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен премьер-министр дайындашы керек деп эсептейт.

Мында талапкерлердин илимий наамы, даражасы жана тиешелүү квалификациясы болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0