Дүйшөмбү күнү аба ырайы кескин өзгөрөт

Жазылуу
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрдан 19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.

Осенний снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кар. Кар алдында калган розалар, шайтан арабачан байке
18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

18-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн —1…-3 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн —3…-8 градус суук, күндүз —1…-6 градус суук болот.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0