ЖКда автоунааны милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү көтөрүлдү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУнааны техникалык текшерүү
Унааны техникалык текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү акыркы учурларды жол кырсыгы көп катталып, ага автоунаанын абалынын начар болгону да себеп болуп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин жалпы жыйынында "Ар кандай маселелер" талкууланып жатканда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү керектигин айтты.

Эл өкүлү акыркы учурларды жол кырсыгы көп катталып, ага автоунаанын абалынын начардыгы да себеп болуп жатат деген пикирде.

"Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө автоунаалардын техникалык кароодон өтпөгөнү да таасир тийгизип жатат", — деди Масабиров.

Ал ошондой эле автоунаалардан чыккан уулуу газ онкологиялык оорулардын көбөйүшүнө да шарт түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0