Кырсык тууралуу ӨКМге смартфондон билдирүү жөнөтүүгө жол ачылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТелефонго тартып жаткан адам. Архив
Телефонго тартып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай саамалык ӨКМдин ишин жакшыртып, жарандардан окуя болгон жерден тартылган сүрөт менен видеолорду ыкчам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жалпыга жеткиликтүү "112 Кыргызстан" аттуу акысыз мобилдик тиркеме иштелип чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган тиркеме өрт, жол кырсыгы жана башка өзгөчө окуяларга күбө болгон смартфон пайдалануучуларына ошол замат билдирүү, сүрөт, видеолорду ӨКМдин өзгөчө кырдаадар борборуна жөнөтүүгө жол берет.

"Система маалымат алуу жана ага аракет көрүү процессин бир топ жакшыртууга шарт түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ӨКМ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Кыргызстандын Жарандык авиация системасынын мүмкүнчүлүгүн ыкчам ишке келтирүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0