Эртең Кыргызстанда күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук университеттин алдында бараткан шаардыктар, архивдик сүрөт
Улуттук университеттин алдында бараткан шаардыктар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетерин Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 11-октябрда өлкө аймагында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетерин Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек шаарында күн 24 градус жылыса, Ош шаарында 26 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Таласта — 25, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында — 28, Ысык-Көлдө — 21 жана Нарын облусунда 23 градуска чейин жылуу болот.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Ошондой эле Кыргызгидромет 13-14-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүүлөрүн эскертет. 13-октябрда күндүз жана 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 

14-октябрда күндүз абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 10…15 жылуу, ал эми тоолуу райондордо 2…7 градус суук болот. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 1…3 градус суук болот. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0