Өлкөдөгү коопсуздук боюнча жагдай күч органдарынын көзөмөлүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
ИИМ кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК менен ИИМ бул дем алыш күндөрү АКШ жана Улуу Британия элчиликтери Кыргызстандын аймагында бул айда теракт болушу мүмкүн деген маалыматты иликтеп жатат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер министрлиги өлкөдөгү коопсуздук боюнча жагдайды көзөмөлдөп турат.

Ишемби күнү кечинде АКШнын, ал эми жекшемби күнү кечинде Улуу Британиянын элчиликтери октябрь айында терактылар болушу мүмкүн деген маалыматты тараткан. Дипөкүлчүлүк өзүнүн жарандарын эл көп топтолгон жерлерге мүмкүн болсо барбагыла деп эскерткен.

УКМКдан бул маалыматтардын негизинде жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл делген иштер жасалып жаткандыгын айтты. Ага кошумча, маалымат тараткан дипөкүлчүлүктөн УКМКга расмий кабар келип түшпөгөндүгүн билдирген. 

ИИМдин маалымат кызматынан министрликтин 10-кызматы УКМК менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

"Эскертүү боюнча иштеп жатабыз. Көңүлдү өзгөчө ири иш-чараларга буруудабыз", — деп айтышты министрликтен.

Мамлекеттик Чек ара кызматынан ар бир маалыматтар текшерилип жана алар да башка күч органдары менен тыгыз иштеп жаткандыгын билдирди. Чек арадагы абал жалпысынан алганда тынч, ал эми чек арачылар күнүмдүк тартипте иш алып барып жатат.

"Тажикстандагы жана Афганистандагы чек ара боюнча тажикстандык кесиптештерибиз менен маалыматтарды улам жаңыртып алып турабыз", — деп айтышты ведомстводон.

Бүгүн Бишкекте ММА боюнча Кыргызстандын федерациясынын ачылышы болуп жана бул боюнча турнир өтмөкчү. Ал эми шейшемби күнү Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча мелдеши өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0