Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө, 10-октябрда Ысык-Көл облусунан башка аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Жылуулук батареясы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы үйлөргө жылуулукту 1-ноябрга чейин бериши мүмкүн
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда жана тоолуу райондордо айрым жерлерде бир аз жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын табы 20, Ош шаарында 24 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Таласта — 21, Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында — 27, Нарында — 21, Ысык-Көлдө 20 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0