Ишембиге карата аба ырайы: дыйканчылык аймактарда күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТалаадагы адам, архивдик сүрөт
Талаадагы адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Ишемби күнү Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. 

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Маалыматка ылайык, 8-октябрда ала булут каптап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8 градус, күндүзгү жогорку температурасы 19…21 градуска чейин көтөрүлөт. 

Ошто түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 21…23 градус жылуу болот. 

Чүй өрөөнүндө 17…22, Таласта 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26, Ысык-Көл облусунда 14…19, Нарын облусунда 14…19 градус жылуу болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0