Өлкөдө бүгүн Жарандык авиациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы учак, архивдик сүрөт
Манас аэропортундагы учак, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрь – Кыргызстандын Жарандык Авиация күнү.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн Жарандык авациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат. Буга карата Ишембай Абдраимов атындагы Авиация окуу жайында салтанат өтүп жатат.

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Авиациячылар жана коомчулуктун катышуусунда СССРдин эмгек сиңирген учкучу Абдраимовдун айкели жана музейи ачылат. Андан сырткары Кыргызстандагы авиация тармагынын пайда болушу жана калыптанышын, өнүгүшүн баяндаган китептин бет ачары болот.

7-октябрь – Кыргызстандын Жарандык Авиация күнү. Бүгүн өлкөдө бул тармактын түптөлүшүнүн 83 жылдыгы белгиленип жатат, тагыраагы бул чыйыр 1933-жылы салынган. Кыргызстандын алгачкы учак паркы У-2 үлгүсүндөгү айыл чарба учагынан турган. Ушул жылы эле Фрунзе аэродромуна У-2 үлгүсүндөгү учак 3500 метр бийиктикте Кыргыз тоолору жана Күңгөй тоо кыркалары аркылуу учуп келген.

Андан сырткары Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск трассасы ачылып, Пишпек — Ташкент — Алма-Ата аба каттамы иштей баштаган.

Кыргызстанда кайсы аэропорт жабылышы ыктымал, канча учак "конушу" бар, аба кемелеринин саны канча, учкучтар жетиштүүбү деген суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0