КРдеги китепканалар жаштарды өнүктүрүү борборуна айланат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архивдик сүрөт
Китепкана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-5-октябрда "Ысык-Көл-2016: китепканалар жана коомдун демократизациясы" аттуу 17-эл аралык конференция өттү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Кыргызстандагы китепканалар жаштардын жактан өнүгүшү үчүн социалдык аянтча болушу керектигин айтты.

Эске салсак, 1-5-октябрда Ысык-Көлдө "Ысык-Көл-2016: китепканалар жана коомдун демократизациясы" аттуу 17-эл аралык конференция өттү.

Темирбекова өз сөзүндө маданий мекемелер, анын ичинде китепканалар дагы жаш муунду тарбиялоого катышуусу керектигин баса белгиледи.

"Бул нерседен мамлекеттин келечеги көз каранды", — деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле айылдык жана шаардык китепканалар коомдук уюмдар, жергиликтүү башкаруу органдары жана бюджеттик органдар менен тыгыз байланышып, кызматташуусу керек экенин айтты. Китепканалар конференцияларды, семинарларды жана форумдарды өткөрүп, уюштуруу жагын колго алышы керек.

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук китепканага 101 китеп белекке берилди
Темирбекова дал ушул критерийлер менен Тарых жана маданият жылынын алкагында жарыяланган конкурстун жыйынтыктары, мыкты жана начар китепканалар аныктала турганын кошумчалады.

Конференцияга бийлик өкүлдөрү, элчиликтердин, эл аралык уюмдардын, басмаканалардын кызматкерлери, китеп палатасынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Азербайжандын, Армения, Белоруссия, Россия, АКШ, Тажикстан жана Өзбекстандын тармактык, илимий китепканаларынын өкүлдөрү келди.

Кыргызстанда 1061 китепкана бар. Жалпы китептердин фонду 20 миллион даананы түзөт. Алардын 8 миллиону кыргыз тилиндеги китептер.

Жаңылыктар түрмөгү
0