Апта аягында күн сууктайт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү
Кол чатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкө аймагында күн суук болуп, суу тоңорун Кыргызгидромет билдирди.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 13…18 жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 17…22 градус жылуу болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 11…16 жылуу болсо, тоолуу райондордо 0…5 грудуска чейин суук болот. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Ал эми эртең, 28-сентярба Бишкек, Ош шаарларында жаан жаабайт. Күн ачык болот. Ал эми Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0