Эртең өлкөнү ала булут каптайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тоолуу аймагы. Архив
Кыргызстандын тоолуу аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 27-сентябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 26…28 градус болот. Ош шаарында ала булут каптап, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 29…31 градуска жетет. 

28-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0