Эртең Бишкек жана Ош шаарларында күн бүркөк болот

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы Абдыкадыров атындагы филармониянын имаратынын архивдик сүрөтү
Ош шаарындагы Абдыкадыров атындагы филармониянын имаратынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эртең, 26-сентябрда Бишкек жана Ош шаарларында күн бүркөк болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте күн 27 градуска чейин ысыса, Ошто 32 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0