Суук түшкүчө Кыргызстанда дагы 102 мектеп менен бала бакча оңдолот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМектепте оңдоо иштери. Архивдик сүрөт
Мектепте оңдоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн "Коопсуз мектеп жана бала бакча" программасынын алкагында 200 объектини капиталдык ремонттон өткөрүү пландалган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, өкмөттүн "Коопсуз мектеп жана бала бакча" программасынын алкагында 200 объект капиталдык ремонттон өткөрүлмөк. 

Кыш түшкөнчө калган мектеп менен бала бакчалардын ремонтторун бүткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0