Жума күнү өлкө боюнча жылуу аба ырайы сакталат

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүКүн ысыкта бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Күн ысыкта бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча жылуу аба ырайы сактала турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратты
Бишкек шаарында ала-булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. 

Абанын түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус жылуу болот. 

Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болушу күтүлөт. 

Республиканын калган аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0