Бейшембиде жаан-чачын күтүлбөйт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. 

Жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

Ал эми Бишкек шаарында жаан жаабайт, түндө 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында дагы жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт. 

Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0