Кыргызстанда эртең күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын шаарынын борборундагы имаратынын архивдик сүрөтү
Нарын шаарынын борборундагы имаратынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эртең өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…11 градус, күндүз 27…29 градус жылуу болот. Ошто түнкүсүн 12…14 градус, күндүз 28…30 градус болушу күтүлүүдө. 

"20-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн, Нарын, Талас жана Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт", — деп айтылат маалыматта. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0